18.05.2020 16:16

 «Кара-Суу» өткөрмө берекитиндеги абал. Жүк ташуучу унаалар бир суткадан бери тыгында турушат

 «Кара-Суу» өткөрмө берекитиндеги абал. Жүк ташуучу унаалар бир суткадан бери тыгында турушат

 «Апрель» редакциясына ири жүк ташуучу айдоочулар кайрылышты. Алар кыргыз-казак чек арасындагы «Кара-Суу» өткөрмө берекитиндеги унаа тыгыны тууралуу айтып беришти.

 «Объездной унаа жолунда турабыз. Унаалардын аягы көрүнбөйт. Кезекте туруп кыргыз-казак чек арасындагы «Кара-Суу» өткөрүү бекетине бурулган жерге чейин бир суткада жеткен жокпуз. Чоң тыгындын себеби түшүнүксүз болуп жатат. Объездной жолунан чек ара тарапка бузулган жолдо бир суткада светофорго жеткен жокпуз. Дагы эки чакырымдай аралык бар. Ал аралыкты канча күн өтөбүз белгисиз. Бул кыргыз-казак чек арасындагы «Кара-Суу» өтмөгү »-деди айдоочу.

Эске салсак, «Ак-Тилек» - «Кара-Суу» өткөрмө бекетинин алдында 14-майдан тартып ири жүк ташуучу унаалар топтотуп турганы байкалат. Бийлик муну казак тарап өлкө ичинде  автоунаалардын кыймылына чектөөлөрдү алып салгандыгы менен түшүндүргөн, тактап айтканда, чоң шаарлардын кире беришиндеги  тосмолорду алып салып, жүк ташыгандарга эки тарапка тең эркин жүрүүгө мүмкүндүк берген.